Жаңылыктар
Мугалимдер аттестациядан өтүшөт
Билим
Мугалимдер аттестациядан өтүшөт

Билим берүү министрлиги өлкөдө билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында оптималдаштыруу кадамдарын пландап жатат. Анын алкагында мектеп мугалимдери менен кошо директорлорду, балдар бакчалардын башчыларын аттестациядан өткөрүү максаты бар. Оптималдаштыруу билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзсө аны колдоо керектиги айтылууда. Адистер бул тармактагы реформа башкарууну уюштуруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болмок дешет.

Билим берүү министрлигинде өлкө мектептеринде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Билим берүү боюнча мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү долбоору иштелип чыккан. Анда негизинен жалпы жана орто билим берүүгө мамлекеттик аттестация киргизүү каралган.

Мектеп мугалимдери менен кошо директорлорун, бала-бакчалардын башчыларын аттестациядан өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Эми түшпөс хан дегендей, көп жылдап башкаруучу кызматта олтурган директорлорду, балдар бакчаларынын жетекчилерин алмаштыруу оптимизация маселесинде кандай жыйынтык берет? Аны реформанын жүрүшү көрсөтөт.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"