Жаңылыктар
Талас: айыл чарба продукциясын өндүрүү иши өстү
Экономика
Талас: айыл чарба продукциясын өндүрүү иши өстү

Талас облусунда былтыр 17,7 млрд. сомдук айыл чарба продукциясын өндүргөн. Мындай маалымат жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. Былтыр августтан декабрь айына чейин 298 тонна сүт, сыр жана май азыктары экспортко чыккан. 

Бул Таластагы сүт өндүрүүчүлөрдүн алгачкы жолу мындай көрсөткүчкө жетишип жатышы. Ошондой эле облустун брендине айланган төө буурчактын килограммы 2015-жылы 85 сомдон сатылганы да маалымдалды. Муну менен катар чет элдик өнөктөштөр менен алака жакшырып, дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода алакасы түзүлгөн. 

Анын негизинде былтыр экспорттун көлөмү 1 млрд. 222 млн сомго көбөйгөн. Облустук коллегиянын соңунда жыл ичинде ийгиликке жетишкен райондор менен өнүгүүгө салым кошкон ишкерлер сыйланды.