Жаңылыктар
Россиядагы унаа кырсыгына байланыштуу кыргыз жаранына кылмыш иши козголду
Кырсык
Россиядагы унаа кырсыгына байланыштуу кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Россиянын Москва шаарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кыргыз жаранына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-февраль күнү болгон. Анда Коротыгино айылына көздөй бурулушта УАЗ менен Тойота үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. УАЗ өрттөнүп, ичиндеги адамдар унаадан чыга албай калышкан. 

Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын бири Тойота үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, кыргыз жараны болгон. 

Алгач ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, учурда жалпы палатага которулду. 

Ага "жол эрежесин бузуу менен эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.