Бишкектеги негизги көйгөйлөрдүн бири унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги. Ыңгайлуу токтотмолордун жоктугунан машина ээлери жол жээктерине унаасын коюп, кыймылга ыңгайсыздык жаратып келет. Мэрия акырындык менен маселени чечүүнүн жолун табууда. Тагыраак айтканда, көп кабаттуу акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды куруу мерчемделди. Бүгүнкү күндө токтотмолордон акча алуу мыйзамсыз.
Унаалардын баш аламан жана эки-үч катар болуп токтотулгандыганан дал ушул көчөдөн өтүү кыйын. Бул болсо мэриянын имаратынын артында жайгашкан унаа токтотуучу жай. Муниципалдык жайга күндүз кызматкерлердин унаасы коюлса, кечкисин токтоткондор 40 сомдон акы төлөшөт. Орун болсо жеке унаа ээлери да койсо болот, бирок 20 сом бериши керек болот. Мындагы унааларды караган кароолчу акы алуу расмий эместигин мойнуна алат, бирок акча бергендерден баш тартпайт.
Муниципалдык базар жана унаа токтотуучу жайлар боюнча дирекциясынын бөлүм башчысы Рустам Алиевдин айтуусунда, бүгүнкү күндө жол жээгиндеги бардык унаа токтотуучу жайлар акысыз жана мэриянын муниципалдык башкармалыгы акча жыйнабайт. Ал эми күн-түн иштеп, кароолчулар кайтарган унаа токтотуучу жайлардан мэриянын карамагында 19у бар. Алар күнү-түнү кайтарууга алынгандыктан, бир унаа үчүн айдоочулар суткасына 25 сомдон төлөшөт.
Ал эми Киев көчөсү Манас проспектисинен Тоголок Молдого чейин түштө жана кечкисин өтүү машакат. Мындагы соода борборго келгендердин көбү жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай акылуу болгонунан качып, жол боюна коюшат да сааттап жол тыгыны пайда болот. Токтотууга болбойт деген белги илингенин айдоочулар элес албайт. Токтотмолордун жетишсиздигинен мүмкүн болбогон жол жээгине унаасын токтотуп кеткен айдоочулар калаадагы бардык көчөлөрдө бар.
Көйгөйдү чечүүдө комплекстүү чаралар көрүлүшү керектигин шаардык бийлик айтат. Анын алгачкысы көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу. Андайдан бешөө быйыл салынат. Биринчисинин курулушу борбордук универмагдын артында башталды.
Бишкекте катталган 420 миң унаа бар. Буга кошумча күнүнө шаарга 50 миң транспорт кирип чыгат.