Жаңылыктар
Башкы прокуратура Т.Сарпашевди кызматтан алуу сунушун киргизди
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура Т.Сарпашевди кызматтан алуу сунушун киргизди

Башкы прокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу сунушун киргизди. 

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы мындай чечимге жүйөө катары-Сарпашевдин 2016-жылдын 30-ноябрында Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу боюнча Бишкектин район аралык сотунун чечимин аткаруу буйругун келтирген. 

"Каттоо кызматы бул маселе кассациялык кароого жиберүү боюнча расмий маалымдар болгон. Мындан тышкары, ошол маалда район аралык соттун чечимин ишке ашыруу шаардык сот тарабынан токтотулган", - деп айтылат билдирүүдө. 

Прокуратуранын айтымында Сарпашев Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлкүн конфискациялоо боюнча маселе коомчулукта белгилүү экенине карабай, "Коррупцияга каршы туруу" мыйзамын бузган.

Ал арада Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын өткөрүп, Мамлекеттик каттоо кызматы Максим Бакиевге таандык деген жер тилкесине байланыштуу иште мыйзам бузууларга жол берген эмес, соттун чечимин гана аткарган деп билдирди. 

Жерди камакка алуу боюнча чечимди сот 2-ноябрда кабыл алган. Бирок, бул тууралуу кабар Мамкаттоо кызматына 28-декабрда келген деди Сарпашев. Ал бул маселени териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылаарын айтты.