Жаңылыктар
Өлкөдө дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө даярдык көрүүлүүдө
Ден соолук
Өлкөдө дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө даярдык көрүүлүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө даярдык көрүүдө. Калкты сапаттуу дары-дармек каражаттары менен камсыздоо боюнча атайын концепция даярдалган. Эгер электрондук тутум ишке кирсе, анда мамлекет медицинага таандык баардык нерсени текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң башкысы дары-дармек кайдан келгенинен тарта бейтаптын колуна тийгиче көзөмөлдөнөт. 

Дары-дармек соодасы. Кирешелүү тармак экени жашыруун деле эмес. Акыркы учурда капчыктуулурдын көпчүлүгү эле дары бизнесине өткөндөй. Эмне деген гана компаниялар жок. Ал тургай өлкөгө кирген дары-дармектер жана медициналык жабдуулар тууралу так маалымат жок. Бул жагдай мамлекет тарабынан дары-дармек рыногунун 10 пайызы гана көзөмөлдөнөт дегенди билдирет. Натыйжада, бюджет миллиондогон каражаттан куру калууда.

Калктын саламаттыгын караган министрлик башка өлкөлөрдө жайылган электрондук маалымат базасын түзгөнү жатат. Буга чейин иликтөө жүрүп, маалыматтар жыйналган. Бирок бул тармакта ачык-айкындыкты алып келүүгө бут тозуулар да болгон.

Кыргызстанда дары-дармек рыногу башаламан абалда. Менчик дарыканаларда дарылар ар кандай баада сатылат. Кошул ташыл болуп айрым ак халатчандар бейтапты макулдашып алган текшерүүчү медициналык борборлорго жөнөтүп, чөнтөгүн жукартат. Адистер терс көрүнүштөрдү ооздуктоо максатында, бирдиктүү базаны ачмакчы.

Бирдиктүү маалымат база ишке кирсе, кылт эткендин баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул система мамлекетке медициналык кызматтын 98 пайызын көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, калкты тейлөөнүн көрсөткүчү 39 пайыздан 76 пайызга чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Саламаттык сактоо системасы өлкө башчынын дагы көзөмөлүндө. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев министр Талантбек Батыралиев менен жолугушуп, Атамбаев бул жаатта жүргүзүлүп жаткан реформалар медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртып, жемкорлукту жоюуну камсыз кылышы шарт экенин баса белгилеген.