Жаңылыктар
Тайырбек Сарпашев кызматтан кетеби?
Саясат
Тайырбек Сарпашев кызматтан кетеби?

Башкы прокуратура премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотууну сунуштады. Көзөмөл орган муну Максим Бакиевге таандык мүлктүн камакта экенине карабай, сатылып кетишине байланыштырат. Ал эми Сарпашев мүлктүн сатылышына тиешеси жок экенин, өзүнө карата коюлган дооматтар саясий максатты көздөп турганын айтууда.

Апрель ыңкылабынан кийин Бакиевдердин бир катар мүлктөрү камакка алынган. Алардын катарында Скрябин көчөсүндөгү 1 гектар 28 сотых жер бар. Мүлк 2010 жана 2012-жылдары камакка алынган эле. Бирок, андан кийин соттордун карама-каршы чечимдери соңку абалды жаратып отурат. Башкы прокуратура жердин сатылып кетишине Мамлекеттик каттоо кызматы жооптуу экенин айтат. Анда бюелгиленгендей мекеме жетекчиси соттун соңку чечимине көңүл бурбагандыктан соодалашуу орун алган. Башкы прокуратура мындан улам премьер-министрге Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну сунуштады.

Сарпашев премьер-министрдин кабыл алуусунда болуп, өкмөт башчыга өз позициясын билдиргенин айтууда. Ал Башкы прокурорго ишти акыйкат иликтөө өтүнүчү менен кайрылат. Бакиевдердин мүлктөрүнө байланыштуу кезектеги талашка кандай чекит коюлаары белгисиз. Скрябин көчөсүндөгү баасы 3 миллион долларлык жер 2 жарым милилон сомго эле сатылып кеткени кабарланган. Прокуратура соңку соодалашууну жокко чыгаруу боюнча сотко доо-арыз жолдоду.     

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"