Жаңылыктар
Он жылга жетпеген суу куурлары иштен чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Он жылга жетпеген суу куурлары иштен чыгууда

Кыргызстанда курулганына беш-он жыл боло элек суу куурлары иштен чыгып жатат. Андыктан бул багытта маселени тактап, тиешелүү  чараларды көрүү керек. Бул туууралуу билдирген  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, өкмөт жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигине атайын тапшырма берди. Сооронбай Жээнбеков, таза суу маселе элдин ден-соолугу менен байланыштуу болгондуктан ага өзгөчө мамиле кылуу керектигин эскертти. 

Былтыр калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2016-жылга чейинки 10 жылдык стратегиясы кабыл алынып, аны ишке ашыруу боюнча 38 иш-аракеттин планы иштелип чыккан. Анын алкагында тышкы донорлор менен иштер аткарылып жатканын өкмөт жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Айтымында,соңку үч жыл аралыгында республиканын 22 шаарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 110 млн евролук долбоорлор ишке ашырылууда.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"