Жаңылыктар
Мектептерди интернет менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт
Билим
Мектептерди интернет менен камсыздоо  үзгүлтүккө учурабайт

Кыргызстанда "акылдуу мектеп" үзгүлтүккө учурабайт. Билим берүү министрлиги билдиргендей, өлкө мектептерин интернет менен камсыз кылуу пландын негизинде жүрүп жатат. Маалыматка караганда, 2016-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин үч тендер сунушталган. 

Бирок техникалык тапшырма жеңүүчүнү аныктоого бербегендиги үчүн жараксыз деп табылган. Декабрь айында кайрадан тендер өткөрүлүп, техникалык тапшырмалар иштелип чыккан жана жеңүүчү деп "Айспайс" компаниясы табылган. 

Билим берүү министрлигинин белгилөөсүндө, биринчи шарт айылдагы мектептерди интернетке кошуудагы ылдамдык болгон.