Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрөт
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрөт

12-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар.

Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда кар күрткү жана көчкү түшүүсү мүмкүн экенин Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги эскертет. 

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.