Жаңылыктар
Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Маданият
Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Бүгүнтөн тартып, Кувейт мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. 18-февралга чейин созулуучу иш-чара “Тарых жана маданият жылына” карата уюшулгандыгын маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Маданият күндөрүнүн алкагында Кыргыз элинин ар тараптуу өнөрү көрсөтүлөт. Анда, улуттун жүзү болгон фольклордук-этнографиялык топтун таланттары, бийчилер жана эл аралык фестивалдарда эл намысын коргогон ырчылар катышат. Кувейттин борбору Эль-Кувейттеги бул саамалыкка ошондой эле, мамлекеттик ишмерлер да катышат.