Жаңылыктар
Гүлшан Молдоева алып баруучулар академиясын ачты
Билим
Гүлшан Молдоева алып баруучулар академиясын ачты

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси жана Коомдук Биринчи каналдын диктору Гүлшан Молдоева алып баруучулар академиясын ачты. Академияда тажрыйбалуу педагогдор сүйлөө маданияты, сүйлөө техникасы жана чечендикке үйрөтүшөт. Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлерди чечендик өнөрүнө үйрөтүү да программага киргизилген.

Академияда туура, так, уккулуктуу сүйлөө, чечендик өнөр, чоң аудитория менен сүйлөшө билүү, ойду туура жеткирүү багыттары боюнча сабактар өтүлөт.
Педагогдук курамда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова, академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев, филология илимдеринин кандидаты Четин Жумагулов, маданиятка эмгеги сиңген ишмер Талгар Жакшылыков, филолог жана журналист Зоя Мучкина, филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева, акын Элдар Аттокуровдор бар. Мындан тышкары КТРКнын отличниктери Алмаз Касымалиев жана Вера Черникова, фотограф Бактыбек Мейманбеков телевидение жана радио, ошондой эле маданият чөйрөсүндө профессионалдуу кадрларды даярдоого көмөктөшөт.
Кыргыздар сөз баккан эл. Байыртан кыргыз эли сөз менен эл достугун бекемдеп, ал тургай мамлекеттер ортосундагы чоң маселелерди дагы пикир алмашуу аркылуу чечип келишкен. Муну ата-бабалардан калган акыл-насааттар жана макал-лакаптардан эле байкаса болот.