Жаңылыктар
Жүк ташыган унаалардын салмагы жаңы система менен эсептелет
Экономика
Жүк ташыган унаалардын салмагы жаңы система менен эсептелет

"Сосновка", "Кемин" өткөрмө бекеттеринен жүк ташыган унаалардын салмагы жаңы система менен эсептелет. Мындай жабдык программасы менен жарым миллион еврого сатып алынган. Жаңы система эсептөөдө адамды аралаштырбайт. Сенсордук жабдык республикалык жолдун бузулуусунан, ал эми Транспорт министрлигиндеги жемкорлукту тизгиндейт. 

2014-жылы дүйнөлүк банк Кыргызстанга 45 миллион доллар бөлгөн. Анын 8 миллион 200 миңи грант түрүндө.Гранттык 978 миң еврого "Кемин" жана "Сосновкадагы" өткөрмө бекеттерине оор жүк ташыган унааларды көзөмөлдөөчү автоматташтырылган системаны орнотуу чечими кабыл алынган.Транспорт министрлиги системаны орнотуу жана монтаждоого тендерди 2015-жылы өткөргөн. Соодалашууга кытайлык, орусиялык, словакиялык компаниялар катышып, жыйынтыгында словакиялык "БЕТАМОНТ" ишканасы уткан.

Көзөмөлдөө бекетинин кызматкерлерин жүктү өткөрүүдө ашыкча салмакты алып бара жаткандарга көз жумуп, анысына пара алгандарды укук коргоо органдары байма-бай кармап келишет. Мунун айынан жолдор бузулат. Ошондуктан жолду бир топ убакытка чейин бузбай өз калыбында сактоодо натыйжалуу технологияны колдонуу транспорт жана жол министрлигинин талабы.

Сосновка менен Кемин көзөмөл өткөрмө бекеттерине оор жүк аныктаган заманбап система унаалардын канча салмакта экенин жана тартип бузуп, бузбаганын онлайн түрүндө көрсөтүп, сактап койот. Бул унааны жана анын номерин таанууда жардам берет. Ал ошондой эле унаанын канча ылдамдыкта келе жатканын каттап, транспорт министрлигинин серверине жиберилет. Маалыматтар мекеменин архивинде 10 жылга чейин сакталат. Бүгүнкү күндө система тесттик режимде иштеп жатат. Туруктуу режимге февралдын аягында өтөт. Эгерде система жакшы жагын көрсөтсө жакынкы убакта республкианын бардык аймагындагы оор жүктү текшерүүчү өткөрмө бекеттерине орнотулат. 

Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгынын кызматкерлери 2014-жылы көзөмөл пунктунун кызматкерлери ашыкча салмактагы жүгү бар унааны өткөрүп, ири өлчөмдө акча алып жаткан жеринен кармашкан. Анда бир убакытта 4 киши: кассир-оператор жана уч козомолдоочу кармалган. Азыр андай фактылар аз, бирок бардык эле айдоочулар жүк ташууда норманы сактабайт. Жаны системанын киргизилиши унаа жолдорду сактап, андан тушкон каражат респибликалык жолдорду ондоого жумшалмакчы.