Жаңылыктар
Кыргызстанда көптөгөн маданият үйлөрү оңдоп-түзөөгө муктаж
Маданият
Кыргызстанда көптөгөн маданият үйлөрү оңдоп-түзөөгө муктаж

Кыргызстанда жалпы 704 маданият үйү катталса, 260 маданият үйү толугу менен оңдоп-түзөөгө муктаж. Анын ичинен авариялык абалда тургандары алтымышты чамалайт. Союз учурунда бийлик калктын камын ойлоп дээрлик ар бир калк жыш отурукташкан жерге маданият үйлөрү курулган. Бирок айрым жерлерде клубдар түп орду менен жок болсо, кээ бир аймактарда ээнсиреп бош калган.

Маданият үйү коомдун аң-сезимин азыктандырчу жай катары саналат. Союз маалында алыскы айыл-кыштакты кошо эсептегенде миңге чукул маданият үй иштечү. Ал кезде мындай жайда кино көргөзүлүп, концерт коюлуп, ар кандай ийримдер уюшулуп жада калса китепкана иштечү. 90 жылдары мүдүрүлгөн бул тармак ушул күнгө чейин толук бутунан тура албай келет.
Алыска барбай Бишкектин четиндеги Байтик айылдык клубду алсак, эки кабаттуу заңгыраган имараттын абалы көргөн адамдын зеенин кейитет. 1985-жылы курулган маданий үйдүн эшиги 13 жылдан бери жабылып, кароосуз калган.

Элет эли бул маданий жайдан комузчу Нурак Абдырхманов чыкканын жана башка көптөгөн атактуулар келип оюн-зоок өткөргөн жылдарды али унута элек. Азыркы күндө анын бири жок. 
Аксы районундагы 3 айылдан турган Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундары маданият үйүнө муктаж. Чейрек кылым мурун курулган клуб 10 жыл мурда эле кулап жок болгон. Мындан улам элет тургундары маданий иш-чараларды өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышат.

Маданий үйлөргө ремонт кылыш үчүн миллиондоп сом сарпталат. Айылдагы маданият үйлөрдү жергиликтүү бийлик, райондук клубдарды болсо маданият министрлиги каржылайт. Маданий мурастарды сактоо башкармалыгынын адиси 2015-16 жылдар аралыгында 3 райондук маданий үйгө 7 миллион 700 миң сом бөлүнүп жасалганын, бул каражат аздык кылаарын билдирди.
Каржы министрлиги башка санды көргөздү, эсеп-кысап тармагынын маалыматына таянсак өткөн жылы райондук маданият үйү, клуб жана сарайга деп 60 миллион сомдон көп акча которулган. Оңдоп-түзөө иштери каражатка барып такалат. Тартыштыктан улам каражат жетпей 200 ашуун маданий үйгө киши кире албай, андагы жашоочуларды маданий иш-чараларга суусап күн кечирип келет.