Жаңылыктар
Өткөн жылы мыйзамсыз миграцияга кабылган 200 кыргызстандык өлкөгө кайтарылган
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн жылы мыйзамсыз миграцияга кабылган 200 кыргызстандык өлкөгө кайтарылган

2016-жылы мыйзамсыз миграцияга кабылган 200 кыргызстандык жаран өлкөгө кайтарылып келген. Бирок алардын ичинен ону гана Ички иштер кызматкерлерине арыз менен кайрылышкан. Ал эми калгандары мекенине кайтып келгенине ыраазы болуп же коркуу сезимине кабылып, күч кызматкерлерине арыз жазуудан баш тартышкан. Андыктан өкмөт адам сатуу фактысы менен  күрөшүү максатында 3 жылдык жаңы программаны иштеп чыгып эл аралык жана жергиликтүү экспеттер менен биргеликте талкуулашты. Мурдагы  программада кетирилген кемчиликтер жаңы программада эске алынган.