Жаңылыктар
Сапанов китеби диндерге шек келтирүүдөбү?
Дин
Сапанов китеби диндерге шек келтирүүдөбү?

Ислам динин жактаган бир катар белгилүү инсандар маалымат жыйын куруп, Зулпукар Сапановдун «Кыдыр Санжырасы» китебинде жана бир айрым гезиттерде жарыяланган макалаларына карата пикир айтышты. Алар Сапановдун жазгандарынын дээрлик баарын диндер ортосуна чагым салууга багытталган экстремисттик китеп болуп эсептелет деп сыпатташты. Алардын пикиринде Сапанов китебинде ислам, христиан жана башка диндерди, алардын баалуулуктарын да ачык мүнөздө мазактаган. Бул акырындап олтуруп мамлекетте бөлүнүп-жарылууга, керек болсо чоң согушка алып келет деп кооптонушат алар. Ал эми автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин айткан. Буга чейин Улуттук коопсуздук Комитетинин кызматкерлери анын үй-жайын тинтүүгө алып компьютер, уюлдук телефон жана китептерин алып, өзүн суракка алган.

Учурда интернетте, гезиттерде өтө чоң маалымат согушу жүрүүдө. Бул ИГИЛди түзгөн күчтөрдүн долбоорлорунун бири болушу да мүмкүн.

Учурда Исламды коргогон тараптар, инсандар "Азия Нуру", "Жаны Ордо" гезиттерин сотко беришкен.