Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат
Саясат
 Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат

“Өнүгүү – Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат. Анын талапкерлиги партиянын чечими менен жактырылганы партиянын жыйынында айтылды. Төрөбаев быйыл боло турган президенттик шайлоого катышаарын расмий жарыялаган экинчи саясатчы. Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев да мамлекет башчылыгына ат салышаарын билдирген. Талдоочулардын баамында шайлоодо атаандаштык жогору болуп, курч мүнөздө өтөт. Төрөбаев жетекчилик кылган “Өнүгүү-Прогресс” партиясы саясат айдыңында 2012-жылдан бери белгилүү. Соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештеги 13 депутаттык мандатка ээ болгон. Ал эми былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 22 шаарга “Өнүгүү – Прогресстин” өкүлдөрү шайланды. Жыйынга чакырылган коноктордун бири, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев партия мүчөлөрүнүн активдүүлүгү Төрөбаевдин жеңишин камсыздайт деп ишенет.