Жаңылыктар
Кыргызстандык үч бала Германияга дарыланууга кетти
Ден соолук
Кыргызстандык үч бала Германияга дарыланууга кетти

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Чүй, Талас областарында жашаган жана оор дарттардын диагнозу коюлган бул балдар Европадагы мыкты деген клиникаларда акысыз дарыланышат. 

Алардын дарылануусуна кеткен каражатты Friedensdorf International эл аралык кайрымдуулук фонду көтөрүүдө. 

Фонд тарабынан Кыргызстандан 2012-жылдан бери Германияга 29 бала дарыланууга кетип, жыйырма экиси айыгып кайткан. Азыркы тапта жети кыргызстандык бала Германияда дарыланып жатат.