Жаңылыктар
Кант шаарында волейбол сүйүүчүлөрдүн мелдеши өттү
Спорт
Кант шаарында волейбол сүйүүчүлөрдүн мелдеши өттү

Чүй облусунун Кант шаарында спорттун волейбол түрүн сүйүүчүлөрдүн мелдеши өттү. Турнирге өлкөнүн баардык аймактарынан келген оюнчулар катышты. 

Иш-чара ыйман, адеп жана маданият жылына жана 23-февраль Ата Мекенчилерди коргоо күнүнө карата арналып уюшулган. Мелдешке катышкандардын катарын улуу муундагы адамдар дагы толуктады. Жалпы 28 команда таймашса, анын теңин 40 жаштан жогору курактагы волейбол ышкыбоздору түзөт. Утуп чыккан командаларга акчалай сыйлыктар жана кубок каралган.