Жаңылыктар
Т.Сарпашев убактылуу жумушунан кетүү тууралуу арыз жазды
Саясат
Т.Сарпашев убактылуу жумушунан кетүү тууралуу арыз жазды

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кете туруу боюнча арызын жазды. 

Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди. "Комиссиянын жыйынтыгы чыкканча кызматтан кетүү тууралуу өз арызым менен кайрылдым. 

Бирок, буга чейинки пикиримден тайбайм", - деди Сарпашев. 

Сарпашевдин белгилешинче, учурда анын арызы өкмөт башчынын кароосунда жатат. 

Максим Бакиевге таандык деген жердин сатылышына байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди иштен алууну премьер-министрге сунуштаган. 

Өкмөт бул маселе иликтөөдөн кийин чечилерин билдирген.