Жаңылыктар
Германиянын президенттигине Штайнмайер шайланды
Дүйнө
Германиянын президенттигине Штайнмайер шайланды

12-февралда өткөн Федералдык жыйында, Германиянын президенттигине Франк-Вальтер Штайнмайер биринчи турда шайланды. Аны ландтаг менен бундестагдын 1239 депутатынын 931и колдоду. 

61 жаштагы Штайнмайерди канцлер Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократиялык союз менен Германия социал-демократиялык партиясынан куралган блок президенттикке көрсөткөн. 

Штайнмайер буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин жетектеген. Ишке кирүү аземи 19-мартка белгиленди. 

Буга чейинки президенттик тактыда 77 жаштагы Йоахим Гаук болгон. Германияда бийлик ыйгарым укуктарынын дээрлик баары канцлерде болгону менен президенттик кызмат - моралдык бийик даража катары саналат.