Жаңылыктар
Саясаттан акча жасагандар
Саясат
Саясаттан акча жасагандар

Кантип тез аранын ичинде байыса болот? Мунун эми саналуу гана жолу бар. Ишкердик таланты укмуш же жолдуулар миллионду айлантып миллиардга жеткиришет. Ал эми тез аранын ичинде бутка туруунун дагы бир жолу мародерлук же болбосо талап тоноочулук. Бирок мында тигил же бул оңой эмес кырдаалдар талап тоноонун түрткүсү болот. 

Маселен ошол эле революциялык кырдаалды алалы. Ыңкылапты эгемендүүлүк жылдары эки жолу башынан өткөргөн кыргыз эли аны жакшы билет. Көпчүлүк конституциялык укугу үчүн күрөшүп жүрсө, бул абалдан пайдаланган айрымдар талап тоноочулук менен байлыгын арттырып алды.

Мародерлуктун тамыры, адамзат тарыхындагы согуштар менен байланышып, кайсы бир убактарга чейин бул кылмыш катары саналган да эмес. Орто кылымдарда басып алган өлкөсүн тономой адаты кадимки көрүнүш болгон. 

Бирок ошол мезгилде эле мародерлук менен алектенген армия андан аркы согушка даярдыгы начарлаганы байкалган. Анткени тартип начарлап, мас абалындагы аскерлердин тескери кылык жоруктары күч алган. Мындан тышкары тонолгон буюмду сатып ала турган өзүнчө топтор түзүлүп, баш аламандык күчөгөн.

Бүгүнкү күндө да мародерлукка токтой элек. Массалык трагедияларда, жаратылыш кырсыктарында бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алууга ашыккандар четтен чыгат. Ал аскер адамы, жөнөкөй жаран а түгүл саясатчы да болушу мүмкүн. 

Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө талап тоноочулук мыйзам чегинде тыюу салынып, талап тоноого катышкандарды узак убакыт абак артына кесип а түгүл, өлүм жазасына да тарткандар бар. Маселен Францияда мародерлорго жаза аскердик юстициянын кодексине киргизилсе, Улуу Британиянын аскерлер туурасындагы мыйзамы менен бекемделген.

Ал эми азыр 2010-жылдагы окуяларга кайтып келсек. Көпчүлүк ал мезгилдеги мародерлук уюшкандык менен өткөнүн билип калышты. Тез аранын ичинде бирөөнүн мүлкүн ээлеп калуу үчүн атайын күчтөр иштегени маалым. Бул фактыларда өлкөдөгү белгилүү саясатчынын да аты аталып жүрөт.