Жаңылыктар
25 жылдын ичинде өлкөгө 50 миңден ашык этникалык кыргыз кайтып келген
Кыргызстан жаңылыктары
25 жылдын ичинде өлкөгө 50 миңден ашык этникалык кыргыз кайтып келген

1991-жылдан бери өлкөгө 50 миңден ашык этникалык кыргыз кайтып келди. Бул туурасында улуттук стратегиялык изилдөө инситутунан билдирди.

 Бул аралыкта Өзбекстандан 20 миңге жакын , Тажикстандан 18 миңдей, Орусиядан жана Кытайдан 30 ,Түркиядан 1 этникалык кыргыз кайтып келген. Расмий маалыматтар боюнча, былтыр өлкө аймагында 37 миң 240 кайрылман жашаганы белгилүү болгон.

Институттан билдиргендей, Тажикстанда 1993-жылдан 1997-жылга чейин болгон жарандык согуш учурунда мигранттардын агымы көп болуп,20 миңдей этникалык кыргыз кайрылман макамын алган болчу. Азыркы тапта алардын көпчүлүгү Чүй жана Жалал-Абад облустарында жашайт. 

Ушул тапта Кыргызстандын аймагынан сырткары жерлерде жашап жаткан этникалык кыргыздардын саны 600 миңден ашат. Алардын 350 миңи Өзбекстанда, Кытайда 200 миңдей , Тажикстанда 80 миңден ашык ,Түркияда 2,5 миң болсо Ооганстанды 200 миңдей этникалык кыргыз байырлап келет.