Жаңылыктар
Атамбаев Бельгия жана Германияга жумушчу сапары менен барат
Саясат
Атамбаев Бельгия жана Германияга жумушчу сапары менен барат

Президент Алмазбек Атамбаев ушул аптада Бельгия жана Германия мамлекеттерине жумушчу сапары менен барат. Анда өлкө башчы Европа биримдигинин жетекчилиги менен жолугушуп, бир катар каржы документтерине кол коюлат. Ал эми Мюнхенде президент коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференцияга катышып, канцлер Ангела Меркель менен жолугушат.

Иш сапардын соңунда президент Алмазбек Атамбаев Европадагы белгилүү Евроньюс телеканалына дагы маек берет.