Жаңылыктар
Чоң-Алай районунда кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай районунда кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетти

 Тоолуу Чоң-Алай районунда быйыл кардын калыңдыгы айрым жерлеринде 2 метрге чейин жеткен. Бороон-чапкынга карабай окуучулар бир да күндү калтырбай сабакка келип жатат. Мындай климаттык шартка көнгөн элеттиктердин отун-суусу белен болгону менен тоют тартыш. Негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен күн кечирген элеттиктер кар көп жааса - быйылкы түшүм мол болот деп кубанышууда.

Тоолор менен тоолуктардын мекени болгон Чоң-Алай районунда мындай оор кар 2012-жылы түшүптүр. Учурда элеттиктер үйлөрүнүн чатырын бешинчи жолку жааган кардан тазалоо менен алек. Үч күн тынбай жааган кардын артынан жамгырдын жаашы карды бастырып, анын өз алдынча сүрүлүп түшүүсүн кыйындаткан. Бастырылып калган кар, ал-күчтү да көбүрөөк талап кылууда.
Чоң-Алай өрөөнү 22 айыл өкмөттөн туруп, калкынын саны 32 миңдин тегерегинде.