Жаңылыктар
“Акылдуу” эсептегичтерге нааразы болгондор арбын
Кыргызстан жаңылыктары
“Акылдуу” эсептегичтерге нааразы болгондор арбын

 Декабрь айында жаңы эсептегичтердин 10 пайызын тейлеген SapatCom уюлдук оператору маалымат берүүнү токтотуп, абоненттердин эсеп-чоту мурунку айдын орточо көрсөткүчүнө жараша чыккан. Айрым керектөөчүлөр эсеп дүмүрчөктөрүндө чоң айырмачылыктар чыкты деп энергетиктерге кайрылып жатат.

Адистер электр энергиясы үчүн чыккан акчага нааразы болгон керектөөчүнүн эсептегичин текшерүүдө. Так көрсөткүчү алынып, арткан акча кийинки айга кошулуп эсептелет. 

“Акылдуу” эсептегичтер инвестициялык долбоорлордун эсебинен коюлган. Адистер мындай ыкма менен иштөө ыңгайлуу экенин белгилейт. Анткени мурункудай ар бир үйдү кыдырып эсеп-чотун алуу машакаты жоюлган.