Жаңылыктар
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык тапшырмалары өз нугунда ишке ашууда
Экономика
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык тапшырмалары өз нугунда ишке ашууда

2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык тапшырмалары өз нугунда ишке ашып жатат. Албетте, кандайдыр бир олуттуу жетишкендиктер тууралуу айтууга али эрте, ошентсе да мамлекеттин бюджетин социалдык максатта пайдаланууга багыттоо иштери жакшы аткарылууда. Бүгүнкү күндө, социалдык чыгымдар жалпы бюджет чыгымдарынын 50 пайызын түзүп калды. 

30 жылдан бери ооруканада эмгектенген Камил Сатаров кесибине берилип, жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калууга салымын кошту. Бирок иштеген жери талапка жооп бербейт. Сыры көчкөн дубалдар, эски жабдыктар, медициналык шаймандардын жетишсиздиги жана төмөнкү айлык-маяна. Дарыгер Сатаров бир канча жолу медицинадан биротоло кетүүнү да ойлонуп көргөн. Бирок, кесибин урматтаганы үчүн кыя алган эмес. Бактыга жараша, учурда аймактардагы саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурулуп баштады. Ооруканалардын имараттары оңдолуп, кымбат баалуу жабдыктар алынып жатат. Маяна да бир аз жогорулаган. 

Жогору маяна алуу мүмкүнчүлүгү 2013-жылы кабыл алынган туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде жаралды. Бул стратегияга ылайык, мамлекеттик бюджеттин көп бөлүгү социалдык багыттарга жумшалып калган. Стратегиянын 2017-жылга чейинки жол картасы боюнча эң эле биринчи саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүрүү колго алынган. 2013-жылдан баштап бюджеттин чыгымдары көбөйгөн. Мисалы, билим берүү тармагында маяна 2,1, ал эми саламаттыкты сактоо тармагында 1,6 эсеге жогорулаган. Ошондой эле, пенсия жана жөлөк пулдар бир эсеге көбөйгөн.

2013-жылдан баштап, сомдун долларга болгон баасы 1,4 эсеге жогорулаган. Ал эми 2016-жылы бир доллардын сатуу баасы 69 сом 23 тыйынга чыккан. Ушул эле убакта эл аралык резервдеги каражаттын көлөмү билинбегени менен 1,9 млрд сомго азайып кеткен. Ошентип, кыргыз сому КМШ өлкөлөрүндө эң туруктуу валюта болуп калды. Бул экономиканын өнүгүүсүндө өз пайдасын берди.