Жаңылыктар
Текебаев Кипрге барган сырдуу сапарынын изин жашыруу аракетин көрүүдөбү?
Саясат
Текебаев Кипрге барган сырдуу сапарынын изин жашыруу аракетин көрүүдөбү?

Башкы прокуратурага  Өмурбек Текебаевдин  Президенттин чет өлкөдөгү мүлкү тууралуу билдирүүлөрүн текшерип чыгуу тапшырылды. 

Эске салсак, «Ата Мекен» парламенттик  фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн Кипрге болгон иш сапары тууралуу маалымат каражаттарына айтып берди. Ал Европарламентте качкындар маселесин талкуулоого катышканы барган, деген менен айрым булактардын тактоосу боюнча 7-8-февраль күндөрү  конференция  болгон эмес.  Кийинчерээк , Текебаев,  Президенттин Кипрдеги  бизнестери  тууралуу  маалыматтарды жакында ачыкка чыгара тургандыгын билдирип чыкты.     

Ал арада талдоочулар,  “Ата Мекен” кезектеги  билдирүүлөрүн  алдыдагы президенттик  шайлооону  эске алуу менен саясатчынын  кезектеги  пиар кампаниясы катары сыпаттоо менен бирге Кипрге барган сырдуу сапарынын изин жашыруу амалы катары  баалап  жатышат.  

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"