Жаңылыктар
ЕАЭБ алкагында товарларды ташуу тууралуу жаңы эреже киргизилди
Экономика
 ЕАЭБ алкагында товарларды ташуу тууралуу жаңы эреже киргизилди

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартынан баштап ишкерлер  ЕАЭБ алкагында товарларды ташуу тууралуу  алдын-ала Мамлекеттик салык  кызматына  билдириши керек. Бул багытта  атайын токтомдун негизинде жаңы эреже киргизилип жатканын мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов  маалымдады. Анын айтымында, буга чейинки талон системасы өзүн-өзү актабагандыктан жоюлат.  Ал арада жергиликтүү серепчилер мындай ыкма ишкерликке терс таасирин тийгизбегидей болушу керектигин айтышууда.

Кыргызстан былтыркы жылдын 12-августунан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин эрежелери менен жашап жатат. Чек аралар ачылып, бажы бекеттери жоюлгандан  кийин биримдиктин талаптарына шайкеш келе турган маселелер жаралууда. Алардын бири ишкерлердин Кыргызстанга товар алып кирүүдө төлөгөн салыгынын көлөмү. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Замирбек Осмоновдун айтымында, ЕАЭБке кирген өлкөлөрдөн ун, кумшекер жана айрым курулуш материалдарынын баасы реалдуу эмес баада кирип жатат. Андыктан атайын өкмөттун токтому менен 10-марттан  баштап ишкерлер Кыргызстанга алып келе турган товарлары тууралуу Мамлекеттик салык кызматына алдын-ала маалымат бермей болууда. Ал эми буга чейинки талон системасы өзүн-өзү

Ошентип 10-марттан тарта өкмөттүн токтому менен жаңы тартип киргизилип,  ишкерлер ЕАЭБ алкагында товарларды ташуу тууралуу  алдын-ала Мамлекеттик салык  кызматына  кабарлашы керек. Мындай эреже  муктаждыктан улам келип чыгууда –дешет салыкчылар. Алардын айтымында, бул эрежелерди ишке ашырууда мыйзамды одоно бузуп иштеп келген ишкерлерге гана оорчулук жаралат. Ал эми ачык, салыктарды төлөп, каттоодон өтүп иштеп жаткандарга эч кандай кыйынчылыктар болбойт.