Жаңылыктар
«Акылдуу эсептегичтердин» иштешине жарандар тарабынан даттануулар айтылууда
Экономика
«Акылдуу эсептегичтердин» иштешине жарандар тарабынан даттануулар айтылууда

Электр энергиясына көп төлөм чыгып жаткандыгы тууралуу "Түндүк электр" мекемесине жүздөн ашуун арыз түшүп, аларды текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында баары так экени аныкталып, арыз жазган кардарлардын басымдуу бөлүгү төлөмдөрдү төлөшкөн. Калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, журналисттердин катышуусунда атайын рейд өткөрүлдү. Ал арада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, соңку кезде «акылдуу эсептегичтердин» иштеши боюнча жарандар тарабынан көп даттануулар айтылып жатканын эскертип, кайрылууларга даректүү ыкчам жооп берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. 

Айбек Калиевдин билидрүүсү боюнча жалпысынан расмий түрдө обоненттерден 350 даттануу келип түшкөн, анын 331 экспертиза жүргүзүлүп, алар доом жок деп кайра жазып беришти. Калган даттануулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен керектүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «акылдуу эсептегичтердин» иштеши боюнча маселеге көзөмөлдү күчөтүү  талабын коюуда. Ал эми энергетиктер «акылдуу эсептегичтер» элди алдап жатабы?-деген күмөн ойлорду болтурбоо максатында кайрылган кардарлардын ар бирин үймө-үй кыдырып, жабдыктарын текшерип берип жатышат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"