Жаңылыктар
Путин менен Обама Сириядагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты
Дүйнө
Путин менен Обама Сириядагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты

Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Барак Обама телефон аркылуу сүйлөштү. Орус бийлигинин сайтында жазылгандай, ачык жана ишмердик мүнөздө өткөн маектешүү Америка тараптын демилгеси менен болду.

Лидерлер биринчи кезекте Сириядагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулады. Орусия президенти эки стандарттардан баш тартуу учурунда бирдиктүү антитеррористтик фронтту түзүү маанилүү экенине көңүл бурду. 

Ошондой эле, "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөштү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн Орусия менен АКШнын коргоо министрликтеринин өкүлдөрү ортосунда тыгыз байланыш түзүү зарылчылыгы белгиленди. Мындан сырткары жолугушууда Украиндагы абал дагы талкууланды.