Жаңылыктар
Волейбол: Кант шаарында ышкыбоздору арасында мелдеш өттү
Спорт
Волейбол: Кант шаарында  ышкыбоздору арасында мелдеш өттү

Чүй облусунун Кант шаарында спорттун волейбол түрүнүн ышкыбоздору арасында мелдеш өттү. Турнирге өлкөнүн баардык аймактарынан келген оюнчулар катышты. 

Иш-чара ыйман, адеп жана маданият жылына жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата арналып уюшулган. Мелдешке катышкандардын катарын улуу муундагы адамдар дагы толуктады. 

Жалпы 28 команда таймашса, анын теңин 40 жаштан жогору курактагы волейбол ышкыбоздору түзөт. Утуп чыккан командаларга акчалай сыйлыктар жана кубок каралган.