Жаңылыктар
Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Бороновду кабыл алды
Өзгөчө кырдаал
Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Бороновду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Боронов президентке авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштер жана кырсыктан жакынын жоготкондорго, жабыркагандарга жардам берүү багытында көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

 Муну менен катар министр өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу багытында жасалып иштер тууралуу да айтты. Президент табият кырсыктарын алдын алуу үчүн алдын ала эскертүү жумуштарын күчтөндүрүү керектигин жана элге коргонуу жаатындагы ыкмаларды үйрөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.