Жаңылыктар
Согуштан каза тапкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти
Дүйнө
Согуштан каза тапкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Ооганстанда 2015-жылы  согуштук аракеттерден  каза  тапкан  жөнөкөй жарандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мындай маалыматтар  Бириккен улуттар уюмунун жылдык отчетунда  билдирилди.  Тактап  айтканда, былтыр Ооганстанда  3545 жаран  каза таап,  8457  адам түрдүү деңгээлдеги  жаракаттарды алышкан. Бул сандар 2014-жылга салыштырмалуу  4% га көп болгон.   Көпчүлүгү аялдар менен балдар деп билдирилет  отчетто.  Ошол эле маалда, ата мекендик  серепчилер  бул көрүнүшкө   Ооганстандагы  аскердик  жана  диний согуш отун тутантууга  башка мамлекеттердин  геосаясий  оюну себепкер  болуп жаткандыгын белгилешет.  Ооганстандай болуп  дүйнөлүк  ири державалардын  кызыкчылыгына   айланып  бараткан  мамлекеттердин арасына жакынкы бир катар чыгыш өлкөлөрү  кирип бараткандыгын  серепчилер кошумчалап кетишти.