Жаңылыктар
Көчөт өстүргөндөрдүн көңүлү ачык
Айыл чарба
Көчөт өстүргөндөрдүн көңүлү ачык

Чаткалда кыш ызгаары өкүм сүрүп, ой тоонун баарын ак кар басып жатканда Баткен өрөөнүндө жазгы талаа иштери башталды. Жаздын бир күнү кышка тете деген камдуу багбандар талаага чыгышып, арык тазалашып, бак көчөттөрүн отургузууга бел байлашууда. Биздин атайын кабарчыбыз жазы эрте келген Кадамжайлык багбандар менен баарлашып кайтты.

Кадамжайда кадимкидей жаз. Жеңил кийинип, талаа жумуштарына чыккан камылгалуу дыйкандар менен багбандар жазгы талаа иштерин баштаганына бир жума болду. Алманын үч сортун, мындан тышкары шабдалы менен гиластын түрлөрүн өндүргөн жаш жубайлар көчөт өндүрүү жеңил жумуш эмес экендигин айтышат. Өнүп чыккандан тарта сатканга чейинки үч жылдык аралыктын мээнети катуу.

 Жылына жаз келгенде 2 млн. сомдук жаш көчөттөрдү өндүрүп саткан кадамжайлыктардын улуулардан калган тажрыйбасына кайрылсак, Арпа-Сай жана Көк-Талаа айылынын тургундары акыркы 30-40 жылдан бери багбанчылык менен алектенишет. Алдын ала эле Кадамжайдын көчөттөрүнө коңшу Казакстан менен Тажикстандан жана Ош, Бишкек шаарларынан кардарлар коңгуроо чалышып, буюртма бергенин эске алсак, быйылкы жазда көчөт өндүргөн көк-талаалыктар үчүн жыл кирешелүү болчудай.