Жаңылыктар
Кыргыз продукциясы Европа базарында
Экономика
Кыргыз продукциясы Европа базарында

 Айыл чарба жана экспорт демекчи, Кыргызстан Европа Биримдигинин ВСП+ макамын алгандан берки 12 айда экспорттолгон товарлардын көлөмү 53 пайызга көбөйгөн. Бул макамдын жардамы менен ата мекендик өндүрүүчүлөр Европа рыногуна бажы төлөмү жок чыгып башташты. Товар өндүрүүчүлөр дагы евростандарттарга жооп бере турган шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Кыргызстандык ишкерлер ошентип өндүргөн продукцияларын европалык кардарлардын талабына жооп бергидей кылып чыгарууда. Мисалы, май куюлуучу айнек бөтөлкөлөр алыскы Италия менен Австриядан келет. Аларда эч кандай жарака жок жана оңой менен сынбайт.

 Мындай шартта жүзүм данектери, чычырканак, грек жаңгагы, сейдана майы, ашкабак данегинин жана салатка кошулуучу майлардын бир нече түрлөрү даярдалып жатат. Негизги талап продукт экологиялык жактан таза болушу кажет. Бир жылдын ичинде жаңы цехтер курулуп, кымбат жабдыктар сатылып келген. Эми Евробиримдикке жол ача турган азык-түлүк коопсуздугу боюнча сертификатты алуу үчүн бардык аракеттер жасалууда.

Азыр Кыргызстан Евробиримдикке төө буурчак, грек жаңгагы, бал жана текстилдик продукцияларды чыгарып жатат. ВСП+ Кыргызстан Европага экспорттошу мүмкүн болгон 6 минден ашык товардын түрлөрүн камтыйт. Бул макам азырынча 15 гана мамлекетке берилген. ВСП+ка кирүү үчүн 27 эл аралык конвенцияларды аткаруу зарыл. Кыргызстан бул макамга сапаттуу өндүрүшү менен ылайык келди дешет серепчилер.