Жаңылыктар
Мекендештердин кызыкчылыгы корголот
Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештердин кызыкчылыгы корголот

Россияда эмгектенип жүрүп, мыйзам бузуп “кара тизменин” кайырмагына илинген мекендештерибиз четинен актала баштады. Бул жылы мөөнөтү аяктаган жалпы 44 миң кыргыз мигрантынан чектөө алынат.

 2017-жылы ай сайын 3 жарым 4 миң адам тизмеден чийилип Россияга кайра барып иштөө мүмкүнчүлүгүн алат. Каалоочулар маалыматты миграция кызматынан ала алат. Ошондой эле ал жакка эч кандай даярдыгы жок барып кыйналгандан көрө Кыргызстанда туруп алып эле алыстагы Россиялык иш берүүчү менен эмгек келишимин түзсө болот. Бирок ал мүмкүнчүлүктү пайдалангандар аз. Кыргызстан тарап Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге кошумча жеңилдиктерди түзүү жаатында иш алып барууда. 2016-жылы бир катар сүйлөшүүлөр болуп, кыргыз мигранттарын каттоого алуу маселеси жана келишим түзбөй жаткан иш берүүчүлөргө чара көрүү сунуштары берилген.

Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон тарта кыргыз мигранттарына бир топ жеңилдиктер каралган. Ал эми өткөн жылы мигранттар мекенине которгон акча көбөйгөн. Жалпысынан Кыргызстанга сырттан 1 миллиард 600 миллион доллардан көп каражат келип түшкөн. Бул көрсөткүч мурунку жылга карата 21 пайызга көп.