Жаңылыктар
Пенсиялык система
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсиялык система

Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги талаптарынын бири болуп, айлык маянаны, пенсияны жана жөлөк пулдарды көбөйтүү каралган. Бүгүнкү күндө пенсия эки эсеге көбөйтүлүп, орточо пенсиянын көлөмү 5 миң сомдон ашыгыраак сумманы түзүүдө.

 Учурда эркектер 25 жылдык эмгек тажрыйбасы менен 63 жашында, ал эми аялдар 20 жылдык эмгек тажрыйбасы менен 58 жашында пенсияга чыга алышат. Пенсия берүү эки этаптан турат. Алгач пенсия курагына келгени үчүн сөзсүз түрдө 1500 сомдон которулат, ал эми калганы эмгек тажрыйбасы, айлык маянасынын көлөмү, камсыздандырган төлөмдөрү жана башка эсеп-кысаптарын эске алуу менен эсептелет. Белгилей кетсек 2009-жылдан бери орточо айлык маяна менен пенсиянын орточо көрсөткүчү 2, 2 пайызга көбөйдү.

Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынганда, пенсияны жогорулатуу маселеси эң биринчи тапшырмалардын катарында каралган. Пенсиялык системаны жакшыртуу үчүн Социалдык фонд бир нече мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан. Акыркы жылдары пенсия төлөө системасы бир кыйла жакшы жолго коюлду. Азыр пенсионерлер акчаны накталай колго эмес, банкоматтардан карта менен алышууда. Бул коррупцияны азайтуунун аракети. Бирок, банкоматы жок жерде пенсия почта аркылуу жеткирилген аймактар да аз эмес.