Жаңылыктар
ЧЛ: "ПСЖ" 4:0 "Барселона"
Спорт
ЧЛ: "ПСЖ" 4:0 "Барселона"

Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында "ПСЖ" өз үйүндө "Барселонаны" 4:0 эсебинде утуп алды. Оюн Париждеги «Парк де Пренс» стадионунда болду. 

1-тайм ортолоп калганда Анхель Ди Мария  айып тобун тебүүдө эсепти ачты. Ал эми 40-мүнөттө Марко Верраттинын чыгарып берген тобун Юлиан Дракслер дарбазага киргизип, эсепте 2:0гө теңеди. 3-голду кайрадан Ди Мария жаратса, 71-мүнөттө Эдинсона Кавани бул эсепти төрткө жеткирди.

Бул командалардын жооптук оюну 8-мартта "Барселонанын" «Камп Ноу» стадионунда өтөт.