Жаңылыктар
Олимпиада оюндарынан 1-орунду багындырган спорт чеберин 7 миллион сом күтөт
Спорт
Олимпиада оюндарынан 1-орунду багындырган спорт чеберин 7 миллион сом күтөт

Рио-де-Жанейродо өтө турган олимпиадада ийгиликке жетишкен спортчуларга бериле турган сыйлыктардын көлөмү бекитилди. Бул тууралуу жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Анда айтылгандай, 2016-жылда өтө турган эл аралык жарышка жана олимпиадага кыргызстандык спортчуларды даярдоо боюнча өкмөттүн буйругу менен атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. 

Ага ылайык, Олимпиадада жана Паралимпиадада медалга жетишкен спортчунун машыктыруучусу акчалай сыйлыктын 25%ын  алат. Алтын медаль үчүн  7 миллион сом, күмүш медаль үчүн 5 миллион сом, коло медаль үчүн 3,5 миллион сом алат. Төртүнчү орун алган спорт чеберине 2 миллион, 5-орунга 1 миллион, 6-орунга 900 миң, 7-орунга 800 миң, 8-орунга 700 миң сом берилет.