Жаңылыктар
Алмалуу-Булак айылынын тургундары көчүрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Алмалуу-Булак айылынын тургундары көчүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун  Алмалуу-Булак айылында 2016-жылда болуп өткөн жер көчкү коркунучунан калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп, бирок турак-жай салууга бөлүнгөн жер аянттары Кыргыз Өкмөтүнүн жер аянттарын трансформациялоо боюнча чечиминин кеч чыгарылгандыгына байланыштуу, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын 2016-жылдын 29-августундагы №15 токтому менен, элди кооптуу аймакта 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген. 

Бирок, жаандын, кардын көп жаашына байланыштуу калкты коопсуз аймактарга көчүрүү жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилип, 2017-жылдын 9-февралынан электр энергиясын берүүнү токтотуу райондук электр тармактар ишканасына,  Алмалуу-Булак айылындагы  мектепти биротоло жабуу райондук элге билим берүү бөлүмүнө тапшырма берилди.