Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоору беш жылдан бери ишке аша элек
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоору беш жылдан бери ишке аша элек

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңештен алты айлык убакыт сурады. Эки жыл мурда өткөн тендерге байланыштуу сот соңуна чыкпагандыктан аткаруу бийлиги долбоорду өз алдынча ишке ашырууну туура көргөн. Кезектеги сот отуруму 22-февралда өтөт. “Коопсуз шаарга” байланыштуу маселе парламенттин тармактык комитетинде талкууланды.

“Коопсуз шаар” долбоору беш жылдан бери ишке аша элек. Эки ирет өткөрүлгөн тендерлер Ички иштер министрлери алмашкан сайын жокко чыгарылган. 2012-жылы тендер мамлекеттик сатып алуулардын алкагында жүргүзүлүп, анда кытайлык Beijing Construction Engineering Group International компаниясы жеңишке мыйзамсыз ээ болгону айтылган. Ал эми 2015-жылы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде өткөрүлгөн тендерде “Стилсофт-Бишкек” компаниясы долбоорду ишке ашырууга укук алып, өз кызматын 62 миллион долларга баалаган. Бирок, кийин келген министр Мелис Турганбаев тендер мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйөө келтирип, келишимге кол койгон эмес. Экс-министр “Стилсофт” жалган документтерди пайдаланып, айрым маалыматтарды жашырганын жүйөө келтирген эле. Учурда талаштуу маселе Бишкек шаардык сотунда каралууда. Өкмөт чечимди күтпөй эле долбоорду өз алдынча ишке ашырууну туура көрдү. 

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"