Жаңылыктар
Музаффар Исаковго кылмыш иши козголду
Саясат
Музаффар Исаковго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго кылмыш ишин козгоду. Эл өкүлү Жалал-Абаддын Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди турак жай курууга уруксат берүү боюнча мыйзамсыз 315 токтом кабыл алгандыгы үчүн айыпталууда. Ал арада КСДП партиясынын өкүлдөрү, эгерде депутаттын күнөөсү далилденсе, ал кимдигине карабастан мыйзам чегинде жооп берүүгө  тийиш экендигин айтууда.  

Акыркы кездери, мыйзамсыз жер сатуу жана жер берүүгө байланыштуу  кылмыш  иштери,  айыл өкмөттөрүнөн тарта парламент депутаттарына чейин козголууда. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"