Жаңылыктар
Талаа жумуштарында дыйкандарда күйүүчү май боюнча көйгөй жаралбайт
Экономика
Талаа жумуштарында дыйкандарда күйүүчү май боюнча көйгөй жаралбайт

Быйыл жазгы талаа жумуштарында дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май боюнча көйгөй жаралбайт. 

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев маалымат жыйынында ырастады. 

Айтымында 2017-жылы жазгы-талаа иштерине 42 миң тоннадан ашуун күйүүчү-майлоочу май талап кылынат. Мындан сырткары быйыл күрүчтүн жана кызылчанын аянтын кеңейтүү жагы каралууда. 

Быйылсугат тармагына өкмөттүн атайынын буйругунун негизинде 253 млн сом каралууда.Алгач январь айына 30 млн сом бөлүнүп, ал каражат аймактарга таратылып иштербашталды. Февраль айына болсо, 70 млн сом каралып, ирригатциялык тазалоо иштерижүрүүдө. Ал эми Суу чарба жана мелиорация депортаментинин башкы директоруКокунбек Таштаналиевдин билдирүүсү боюнча 2017-2016-жылдар аралыгынамамлекеттик денгээлдеги иригатциялык чоң программа өкмөткө сунушталып жатат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"