Жаңылыктар
Кыргызстанда ишкерлерди колдоого ала турган борбор ачуу зарыл
Экономика
Кыргызстанда ишкерлерди колдоого ала турган борбор ачуу зарыл

Кыргызстанда ишкерлерди колдоого ала турган борбор ачуу зарыл. Бул тууралуу Экономика министрлигинде бизнес-коомчулук менен өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Анда ишкерлер өндүрүшчүлөрдү окутуу, кеңеш берүү жана каржылык колдоо көрсөтүүчү бирдиктүү борборду ачуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле, күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында ишкердикти өнүктүрүү, коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу менен бирге Кыргызстандын 2030-жылга чейинки бизнес-планын талкуулоо каралды. 

бизнес коомчулук күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында ишкердикти өнүктүрүү, коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу менен бирге Кыргызстандын 2030-жылга чейинки бизнес-планын талкууга алды. Эске сала кетсек, кыргызстандык ишкерлер ири көлөмдөгү насыялардын, лабораториялардын, логистикалык борборлордун жоктугу жана салык кодексинин жаңы редакциясы сыяктуу көйгөйлүү маселелер бар экендигин айтып келет.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"