Өткөн жылы Россияда эмгек кулчулугуна кабылган 400дөй кыргызстандык мекенге кайтарылды. Адистер мындай көрүнүштүн бардыгы жарандардын эч кандай маалыматы жок, алдануу жолу менен чет жактарга эмгектенүүгө чыгып кетүүсү себеп болуп жаткандыгын айтышууда. Алар Россияга тааныш-билиштери, жакындары, мындан сырткары чет жактарга жумушка орноштуруу менен алектенген жеке фирмалар аркылуу кетишип, эмгек келишими жок иштегендиктен эмгек маянасын албай, бекер иштөөгө аргасыз болгондор. Талдоочулар, буга жеке фирмалардын тийиштиги бардыгын белгилешип, алардын санын кыскартуу керек дешет.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу иштерин алып барган 38 фирма. Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде 840 миңдей кыргызстандык эмгектенип жүрөт.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"