Жаңылыктар
Чаткал аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Чаткал аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

Чаткал районундагы Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Аймакка 11-февралдан бери тынбай жааган кардын натыйжасында, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын көлөмү нормадан ашып, айрым жерлерде бийиктиги 2 метрге чейин жетти. Мындан улам, Чаткалдагы 13 мектеп жана 8 бала бакча аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды. Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жана Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолдорунун Чаткалдагы тилкеси дагы жабык.