Жаңылыктар
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Өзгөчө кырдаал
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Тоолуу аймактардагы каттамдарга кар көчкү түшүү коркунучу бар. Мындан улам, көчкүнү атайылап түшүрүү иштери башталды. 19-февралга чейин Сары-Таш-Кара-Мык, Дароот-Коргон-Чак жолдорунда кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат. 

Эскертүү, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш, Казарман - Актал-Чат, Арал - Миң-Куш жана Каракол - Эңилчек каттамдарында кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалардын ортосундагы аралык сакталышы зарыл.