Жаңылыктар
Сузакта жер көчкү коркунучу жаралды
Өзгөчө кырдаал
Сузакта жер көчкү коркунучу жаралды

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы элди коопсуз аймакка көчүрүү үчүн электр кубаты өчүрүлүп, айылдагы мектеп жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жер көчкү коркунучунан улам калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бирок, турак-жай салууга бөлүнгөн тилке өкмөттүн жер аянттарын трансформациялоо боюнча чечиминен кеч чыгарылган. 

Андыктан Сузак райондук мамлекеттик администрациясы элди кооптуу аймакта 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берген. Жамгыр менен кар көп жаагандан улам жер тоңгон эмес. Мындан улам, жердин көчүү процесси 2017-жылдын январь айынан башталгандыктан Сузак райондук администрациясы калкты коопсуз аймактарга көчүрүүнү жергиликтүү бийликке милдеттендирилген. 9-февралдан тарта электр энергиясын берүүнү токтотуу райондук электр тармактар ишканасына, Алмалуу-Булак айылындагы Матиев атындагы мектебин биротоло жабуу райондук элге билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилген. 

Эске сала кетсек, былтыр жер көчкү коштогон каргашалуу окуядан окуучу баланы жер көчкү басып калып, каза тапкан.