Жаңылыктар
Малды идентификациялоо Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө боло
Экономика
Малды идентификациялоо Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө боло

Муну Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди. Абулгазиев - лабораторияларды, мал союучу жайларды куруу иштерин бүтүрүү олуттуу милдет экенин айтып, 2017-жылы саан уйларды идентификациялоону аягына чыгаруу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле республика боюнча мал союучу жайларды иретке келтирүү иштерин, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларындагы эт саткан жайлардын ишин сынга алды. 

Буга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын ветеринардык башкармалыктарына 2017-жылдын май айына чейин тармакты иретке келтирүүнү тапшырды. Учурда республика боюнча 50 миңден ашык бодо мал идентификациядан өткөрүлүп, 450 миң сомдон ашык каражат чогулду. Долбоордо пилоттук аймак катары алынган Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча 15 миң мал идентификацияланды. Ал эми Ош облусунун Ноокат районунда 19 миң мал идентификациядан өттү.